Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Райымбек Матраимовду алдыда кандай ийгиликтер күтүп турат?

27.11.2020 11:34
1304
Райымбек Матраимовду алдыда кандай ийгиликтер күтүп турат?



Буга чейин астролог Нина Криницкая алдыда өтүүчү президенттик шайлоо, саясий кырдаал жана Садыр Жапаров тууралуу vb.kg сайтына өз божомолун айтып берген. Ошондо ал кийинкисинде башка президенттикке талапкерлер жана дагы бир нече олуттуу саясатчылар тууралуу анализдөөсүн убада кылган.

 

Адахан Мадумаров

Бул саясатчыныкы өтө спецификалык (өзгөчө) жылдыз төлгө. Ал жашоодо өтө чебер психолог, кырдаалды өтө кылдат сезе алат: ийгилик кайда бар же жок экенин, кайсыл жерде маселени айланып өтүү маанилүүлүгүн сезет. Балким ал бүгүнкү күндө азырынча супер ийгилик өзү тарапта эмес экенин ички туюму менен сезип жатса керек. Мен анын кырдаалы азыр 50/50 деп айтат элем. Эгерде ал азыр өзүнүн мыкты интуициясын ишке киргизсе, анда бир катар жаңылыш эсептөөлөрдөн жана катачылыктардан кача алат. Жогоруда айткандай, азырынча мен андан супер ийгиликти көрө алган жокмун. Болжол менен эки жылдан соң, 2022-жылы анда ийгилик болот. Ошондо анда карт-баланщ болушу мүмкүн.

 

Алмазбек Атамбаев


Өткөн жолу мен журналисттерге айткам. Бул адам азыр кармикалык мезгилди өткөрүп жатат. Ал бул нерсени башынан өткөрмөйүнчө, бул оор жол аркылуу өтмөйүнчө тагдыры жумшарбайт. Ошондон кийин гана жумшарат. Эки жылдан кийин ал бул кармикалык кырдаалдан бошонушу мүмкүн.

 

Өмүрбек Бабанов


Бул саясатчынын жылдыз төлгөсү татаалдыктары жана башкалары бар экенине карабастан мага жагат. Анын жылдыз төлгөсүндө өзгөчө оң көрсөткүчтөр бар, анын харизмазы күчтүү, адамдарга таасири да өтө күчтүү. Ал публиканы кармай алат, татаал кырдаалдардан кача алат. Анда чоң интуициянын күчтүү көрсөткүчү, чоң туюм бар. 2021-жылы мен андан чоң бийиктикти көргөн жокмун. Балким ал ошондуктан президенттик шайлоого барган жок, азыраак аркага кадам таштады. Кыязы, ага ушундай кылыш керек экенин интуициясы айтты окшойт жана бул туура кадам. Себеби, 2021-жылы мен ага сак болууну кеңеш берет элем, себеби анда кырдаалдын курчуп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан ал нейтралдуу позицияда калса, өзү үчүн түзүлө турган жакшы эмес кырдаалдардан кача алат.

 

Камчыбек Ташиев


Ал гороскоп боюнча Тараза, алар лоялдуу, нейтралдуу. Алар тең салмактайт, адыраңдаганды жаман көрөт. Ошону менен катар анын жылдыз төлгөсүндө укмуштуудай күчтүү көрсөткүч бар, ал анын нейтралдуулугун азыраак өзгөртөт. Ал өтө күчтүү энергетиканы кошумчалайт, бул адам өтө күчтүү. Ташиев башка адамдарга өтө күчтүү таасир эте алат. Ал чоң жыйынтыктарга жетише алышы мүмкүн, өзүнө көңүл бурдуруу, чоң ийгиликтерге жетүү сыяктуу. Ошол сыяктуу эле чоң жаңылыштыктарга туш болушу мүмкүн. Ал дайыма жашоодо чоң ийгилик менен чоң утулушту тең салмактайт. Андыктан ал өзүн өтө чоң кескин аракеттерден кармануусу керек. Орточо позицияны карманса туура болот. Жакынкы убакыттарда, 2020-2021-жылдары анда өтө чоң ийгиликтер болот. Ал реалдуу ийгиликтерге жетет, бирок жогоруда айтканымдай, ал өтө сак болуусу жана тең салмактоону унутпашы зарыл. Себеби алтургай өтө чоң ийгиликте дагы эгерде ал кайсы бир жерде туура эмес кадам таштаса, анда ийгилик азыраак болуп калышы мүмкүн.

 

Райымбек Матраимов


Ишенбешиңиздер мүмкүн, бирок ушундай ийгиликтүү жылдыз төлгөлөр да болот. Анда дал ушундай жылдыз төлгө. Анын жашоосундагы бардык кыйындык туудурган чукул өзгөрүштөргө карабай, тагдыр аны сүйүндүрөт. Анын ийгилиги жаратмандык жолдо жана анын баасы жок.


2020-жыл – сөз жок ийгилик, 2021 жана 2022-жылдар дагы. Ушул үч жыл бою ал ийгиликтин алдында болот, бирок кийинки жылы анда анча чоң эмес маселе жаралышы мүмкүн, ал ийгилик факторун бузат. Андыктан сак болушу керек. Бул маселе анын жеңилдигинен (өзүн кармана албагандыгынан) болушу мүмкүн, же адам өзүн ашкере жогору баалап алгандыгы жана кырдаалды жакшы баалабагандыктан. Башкача айтканда, сага ийгилик канчалык келип жатса да, кандайдыр бир чекти билүү керек. Андыктан мен ага өзүнүн ийгиликтерин жаратмандык нукка багытташын кеңеш кылат элем.

 

Сапар Исаков


Негизи анын жылдыз төлгөсү өтө ийгиликтүү адамдыкы. Анда дайыма ийгиликтер жана ийгиликтер болуп келди, бирок анын жылдыз төлгөсүндө татаал кырдаалдар да бар. Азыр дал ошол кыйынчылыктар анда болуп жатат. Азыр ал азыраак кооптуу кырдаалда болуп турат, бирок катастрофалык эмес. Ал азыр көлөкөдө, дагы канча бир убакыт ошол абалда болот. Ошол эле убакта ал азыр супер көйгөйлүү кырдаалдан чыкты. Болжол менен ал татаал кырдаалда дагы бир жыл болот. Биринчиден, анда баары жакшы болот, экинчиден, 2021-жылдан кийин ага ийгиликтер келе баштайт. Азыр анда кандайдыр бир эки тараптуулук болуп турат, бир жагынан ийгилик сыяктуу жана ошол эле убакта көйгөйлүү. Мурда ал алдында эмне болорун так билчү, азыр ал адашкансып калды. Ал азырынча ушул белгисиздикти башынан өткөрүшү керек. Кийинчерээк анда баары жакшы болот.


Ал азыр кайда экени жөнүндө мындай айта алам: анын жылдыз төлгөсүндө жаш кезинен бери коштоп жүргөн чет мамлекет көрүнүп жатат. Бул адам чет элдик тема менен узак убакыт байланыштуу болот.

 

Өмүрбек Текебаев


Мурдагыдай эле бул саясатчыда кара жана ак тилкелер кезектешип турат. Ал түрмөдөн чыкты, кайрадан мандат алды жана эми кайрадан чоң эмес жылдызы түшүп турган убагы. Бирок, бул ал үчүн чоң катастрофа болбойт. Ага карата жакынкы убакыттарда күчтүү соккуну көргөн жокмун, негизинен анда азыр баары жакшы.

 

Каныбек Иманалиев


Анда Жапаровдуку сыяктуу эле өтө күчтүү позиция. Албетте жеңишке жетүү шансы аларда бирдей эмес, бирок ал да баары бир кулабайт, кайсы бир жогору жакта болот.

 

Канат Исаев


Анда кырдаал өтө жакшы, туура, анын ийгилик оту бул жылда эмес, кийинки жылда. Бул жылы ал эмнени албаса, кийинки жылы компенсация кыла алат. Ал дагы жогору жакта болот.

 

Садык Шер-Нияз жана Курсан Асанов


Курсан Асанов жана Садык Шер-Ниязда өтө жакшы позициялар. Эгерде аларда Жапаров менен бирдей шарттар болгондо, анда шайлоодо ким утаары белгисиз. Ооба, Курсан Асановду азыраак кысым кылышты, бирок аны баары бир ийгилик коштоп жүрөт жана ал сөзсүз кереткүү болот.

 

Талант Мамытов


Анын учурдагы ийгилиги кыска гана убакытка. Чыныгы ийгилик аны эки жылдан кийин күтөт.

 

Нурлан Мотуев


Анда ийгилик бар, бирок кичинекей масштабда.

 

Кубанычбек Кадыров


Мен муну билгениме караганда, ал дайыма президент боло турганын айтып келет. Бирок, мен аны көргөн жокмун. Себеби, бул адам кыялдар жана иллюзиялар менен жашайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн