Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 09:32
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Атамбаев Жапаровдун "Кумтөр" боюнча билдирүүсүнө жооп берди

18.05.2021 17:10
1884
Атамбаев Жапаровдун "Кумтөр" боюнча билдирүүсүнө жооп берди


Акылбек Жапаровдун 2011-жылы "Кумтөр" Алмазбек Атамбаевдин үгүт өнөктүгү үчүн 10 миллион доллар которду деген билдирүүсү чындыкка дал келебейт, деди Кадырбек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу.


"10 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты "Кумтөр" 2008-2009-жылдары түзүлгөн "Ысык-Көл облусунун социалдык өнүгүү фондуна" которгон. Фонд «Центерра» менен 2009-жылдын 6-июнундагы келишимдин негизинде иштеген. Акылбек Жапаров ошол кезде биринчи вице-премьер-министр болуп турган.


Фонд 2009 жана 2010-жылдары Кумтөрдүн демөөрчүлүгү менен иштеп келген. Эсептөө палатасы тарабынан 2013-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгы боюнча: "... 2009-жылы "Кумтөр Оперейтинг Компаниден" 148 миллион 460,3 миң сом түшкөнү аныкталды... 2010-жылы 349 миллион 753,9 миң сом түшкөн... 2011-жылы 463 миллион 904,5 миң сом түшкөн (баары биригип 10 миллион АКШ доллары)", - деп билдирди К.Атамбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн