Бугу 06, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Атамбаев унаада кызматкерлерди кемсинткен. ЖАК Атамбаевдин сотко алынып келиниши тууралуу маалымат берди

27.03.2022 07:59
467
Атамбаев унаада кызматкерлерди кемсинткен. ЖАК Атамбаевдин сотко алынып келиниши тууралуу маалымат берди

Жазаларды аткаруу комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко жеткирүүдө эч кандай күч колдонулбагынын билдирди. Бул тууралуу ЖАКтын маалымат кызматы билдирүү таратты.


"Алмазбек Атамбаев унаанын ичинде ЖАКтын кызматкерлерин кемсинтип, чыр-чатак чыгарып, орой сөздөрдү айтып, коомчулуктун көңүлүн буруп, ошону менен сот процессине катышпоого аракет кылган. Соттун имаратына жеткирилгенден кийин, машиненин ичинен бут кийимин жана байпактарын чечип, жактоочуларын бул жакка жылаңайлак алып келишкендигине ишендирүүгө аракет кылган" — деп жазылат маалыматта.


Буга чейин Замир Жоошев Атамбаевдин абактан күч колдонуу менен сотко алып келгенин билдирген. Андан кийин Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаевден кабар алып, анын колу-буту көгөргөнүн ырастаган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн