Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук иши 19-майга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жактоочу Н.В.Зотованын ооруп калгандыгына жана айыпталуучу Абдухалим Раимжановдун келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 19-майда саат 10:00гө улана турган болду.
Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн