Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 08:31
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Атамбаевдин туулган күнүнө карата митинг болбой калды

08.09.2021 16:45
1324
Атамбаевдин туулган күнүнө карата митинг болбой калды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу Бишкекте пландалган митинг болбой калды. Анын ордуна Кой-Таш айылында майрамдык маданий иш-чара өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Апрель" телеканалына билдирди.


"Митингге катыша турган адамдардын саны көбөйүп кеткендиктен, мен уюштуруу комитетине ушундай сунуш киргиздим. Башка адамдар болгондон кийин башка кадамдар, башка кадамдар болгондон кийин башка талаптар болот. Анан башаламдык башталып кетиши мүмкүн. Жоопкерчилик биздин моюнубузда болуп калат. Бул шайлоонун алдында саясий туруктуулукту чайпалтып коюшу мүмкүн. Бул партиянын дагы беделине чоң доо кетирет деп, түптөлүп калган саясий, социалдык-экономиакалык кырдаалды эске алып митингди болтурбоо тууралуу чечим кабыл алдык. Бул саясий иш-чара болчу, анын ордуна маданий иш-чара өткөрө турган болдук. Аны туугандары уюштурат. Бул сунушка балдары Кадыр, Сейит дагы макул болду", - деген Момбеков.


Буга чейин 17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында митинг болору айтылып жаткан. 


Булак: Азаттык үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн