2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жеке дарыгерин сабады деген видео тарады. Социалдык түйүндөр аркылуу жайылып жаткан тасмада бир нече куралчан аскерлер куралы жок жигитти мыкаачылык менен тепкилеп жатканын байкоого болот. Атамбаевдин тарапташтары бул окуяга тиешеси бар адамдарды жазага тартууну талап кылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн