Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрындагы "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Адвокат шек саноо боюнча билдирүүдө эмне тууралуу жазылганын айтып берди.
"Атамбаев Өмүрбек Бабанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков сыяктуу саясатчылар менен сүйлөшүп алган. Алар "Медиа Форум" имаратынын жанына элди чогултуп, "Ала-Тоо" аянтына бийликти басып алуу үчүн алып барган. Ошол эле учурда алар эски аянтта эски саясатчылардын бийликке келишине каршы болгон эл чогулуп турганын билишкен. Атамбаев топтошкон элди агрессияга үндөп, таш ыргытуу, курал колдонуу сыяктуу элементтери бар массалык мушташка себепчи болгон", — деп жазылганын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн