Бишкекте муниципалдык инспекция түзүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын коллегиясында айтылды.
Инспекторлорго атайын кийим жана 11 кызматтык электр унаасы берилди.
Мэрия акыркы суткада эле инспекция 500 миң сом айып салганын белгиледи.
Министрлер кабинетинин чечими менен 2024-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарынын мэриясына пилоттук долбоордун алкагында 2 жылдык мөөнөткө шаардагы атмосфералык абаны коргоо ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилди.
Токтомго ылайык, муниципалитетке атмосфералык абаны коргоо, анын ичинде автотранспорт каражаттарын жана башка көчмө транспорт каражаттарын эксплуатациялоо учурунда ченемдердин, стандарттардын, эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөө ыйгарым укугу берилген.
2023-жылдын 15-декабрында шаарды көрктөндүрүү, санитардык нормаларды сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү максатында Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн