Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аткезчилик менен 30 тонна күйүүчү май ташуу фактысы аныкталды

Аткезчилик менен 30 тонна күйүүчү май ташуу фактысы аныкталды

УКМКнын кызматкерлери Талас облусунда аткезчилик менен 30 тонна күйүүчү майды ташууга аракет кылган жук ташуучу унааны кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


"Документтерге ылайык, жеңил көмүртек суутектеринин аралашмасы түрүндөгү жүк - ички күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү май компоненти Чүй облусундагы жеке ишкерге арналган. Бирок көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, Бишкек-Ош унаа жолунан (234 км) ЧЫчкан капчыгайында кармалган. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.


"Учурда, тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен, иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө",- деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн