Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Аткезчилик менен өткөрүлгөн 4000ден ашык телевизор аныкталды

Аткезчилик менен өткөрүлгөн 4000ден ашык телевизор аныкталды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан аткезчилик жол менен чет өлкөдөн ташылып келе жаткан телевизор түрүндөгү товар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүүгө катыштыгы бар, тагыраак айтканда, ЖЧКлардын бири Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз товар киргизүүнү уюштурганы аныкталды.

2021-жылдын 29-январында “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын “Аламедин” темир жолу станциясына чет өлкөдөн жүк келип түшкөн, анда мамлекеттик бажы декларациясына 90 телевизор деп көрсөтүлгөн. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө декларацияда көрсөтүлбөгөн 4 миң 56 даана телевизор аныкталган.

Аталган компаниянын мыйзамга каршы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында мамлекетке 15 млн сом зыян келтирилген.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн