Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:24
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Австриядагы элчи Жеңиштин 77 жылдыгына карата советтик аскердин эстелигине гүл койду

12.05.2022 11:24
318
Австриядагы элчи Жеңиштин 77 жылдыгына карата советтик аскердин эстелигине гүл койду

Вена шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Вена шаарындагы Шварценбергплатц аянтында советтик жоокердин эстелигине жана Вена шаарындагы Борбордук көрүстөндө советтик жоокерлердин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.


Салтанаттуу аземге КМШга мүчө бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери дагы катышты.


Маалымат үчүн: Австрияны фашизмден бошотууда курман болгон советтик жоокерлердин эстелиги Экинчи дүйнөлүк согушта Вена үчүн салгылашта курман болгон 17 миңден ашуун советтик жоокердин элесине арналып орнотулган. Советтик Армиянын Баатырларына эстелик катары белгилүү жана Шварценбергплатц аянтында жайгашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн