Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:20
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Автобустарда жол кирени накталай төлөгөндөр үчүн башка тариф болушу мүмкүн

12.10.2023 14:48
294
Автобустарда жол кирени накталай төлөгөндөр үчүн башка тариф болушу мүмкүн


Муниципалдык транспортто жол кирени накталай төлөгөндө 30 сом болушу мүмкүн. Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутаттар дифференцияланган тарифти киргизүү боюнча токтомдун долбоорун карап жатышат.


Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов белгилегендей, мэрия жарандардын жол кире үчүн накталай эмес төлөмгө өтүүсү үчүн дифференцияланган тариф киргизүүнү каалайт. Анын айтымында, жүргүнчү жол киреге 30 сом төлөп же бир жолку жүрүү мүмкүнчүлүгү бар болгон Тулпар картасын ошол эле акчага сатып алганы жакшы деп ойлойт.


Ал кошумчалагандай, накталай төлөм жүргүзүүдө жүргүнчүлөргө чектер берилет.


«Контролдук болот. Камераларды орнотуп, айдоочу чек бергенби же жокпу, ошону тактап, сурай алабыз», - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн