Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Автокран менен BMW катышкан жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Автокран менен BMW катышкан жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Бишкекте 20-майда саат 00:40тар чамасында автокран менен жеңил унаа кагышканын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу А.Масалиев көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй автокранды башкарып бара жатып Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып карама-каршы багытта келе жаткан 24 жаштагы Б.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “БМВ 530” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.


Натыйжада “БМВ 530” унаасындагы эки жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.


Учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.


Тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн