Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:39
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо утту

12.05.2024 13:05
1338
Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо утту


Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Айаал Лазарев Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Түркияда өтүп жаткан мелдешке кыргызстандык балбан 125 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/8 баскычынан тарта катышты.

Лазарев алгачкы беттешинде ямайкалык Аарон Джонсонду 10:0 эсебинде жеңди. Ал эми 1/4 финалда 11:2 эсебинде өзбекстандык Хасанбой Рахимовдун далысын жерге басып, утуп алды. Лицензия үчүн болгон чечүүчү күрөштө венгриялык Даниэль Лигетини 12:2 эсебинде артта калтырып, Парижге жолдомо алды.

Эскерте кетсек, буга чейин ата мекендик спортчулар Олимпиада оюндарына 10 жолдомо уткан. Анын ичинен спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 9 лицензия бар болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн