Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Аял жазуучулардын “ханышасы”

29.05.2022 23:23
8896
Аял жазуучулардын “ханышасы”


Мен Топчугүл Шайдуллаева менен көзмө көз сүйлөшүп көрө элекмин. Мурда-кийин тааныштыгыбыз болгон эмес. Ал эми “Балакана” жыйнагын окуп чыккандан кийин Топчугүл эженин өзүнөн мурда, анын аялдык прозасы менен жакындан тааныштым. Катардагы окурмандардын бири катары мен дагы “Балаканадан” алган таасирлерим тууралуу кыскача пикирим менен бөлүшүп отурам.


Негизи жазуучунун чыгармасы окурман журтчулугунун бардык катмарына түшүнүктүү, жалпыга жугумдуу болушу зарыл. Ал үчүн, чыгарма эч жасалмалуулугу жок, жүрөктүн түпкүрүнөн сызылып чыгышы керек. Жүрөктөн жаралган чыгарма гана жүрөккө жетет.


Топчугүл эже ириде аялзаты. Аялзаты эркектерге караганда дүйнөнү башкача ракурста карайт, турмуштук баалуулуктарды, оош-кыйыштарды бөлөк өңүтүнөн кабылдайт. Топчугүл Шайдуллаеванын аялдык прозасы дегеним дагы ошондон. Ал чыгармачылыкка аялдык сезими менен астейдил кам көрүп, ар бир чыгармасын жүрөгүнөн өткөрүп, чоң жоопкерчилик менен мамиле жасайт. Аңгемелериндеги ар бир каармандын реалдуу жашоо сүртүмү жазуучунун аялдык көзкарашы, аялдык жандүйнөсү аркылуу таасын ачылган. Топчугүл эженин өзгөчөлүгү ушунда: каармандары ашепке шөкөттөлгөн жасалма адамдар эмес, аларды Кыргызстандын баардык булуң бурчунан табасың. Ошол эле “Намазшам гүлдөгү” Жамал, “Атлес көйнөктөгү” секелек кыз, “Орунчадагы” Бүсаранын бейнелери менин айылымда дагы кездешет. Алар силердин айылыңарда дагы бар.


Адам ириде кимге керек? Ушул суроонун жандырмагы “Намазшам гүл” аңгемесиндеги Жамалдын образы аркылуу чечилген. Чечилип гана тим калбастан, анын кейиштүү өмүрү жалпыбызга турмуштук сабак ыроолойт. Жамал кезинде бүтүндөй айылды суктандырган ажарлуу кыз болчу. Атасынын өлүмүнөн кийин апасынын “колуна кол, бутуна бут болуп”, эл катары жашайлы” деген балалык таза ойго жетеленип, үйүнүн түйшүгүнө билек түрүнө киришип, кийин сиңдилерин күйөөгө узатып, инисин үйлөп-жайлап, алардын турмуш шартын оңдоюн деп жүрүп баягы үлбүрөгөн назик кыз кантип убакыттын зуулдап өтүп кеткенин аңдабай, баягы кыз кези кайра кайтып келбестигин, эми эркек эмес, же аял эмес, арабөк абалдагы эч кимге кереги жок пенденин кейпин кийип калганын кеч түшүнгөндө күйүтүнө чыдабай, ошол күйүтү акыры аны алып тынат. Жамал апасынын, биртуугандарын эмес, өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын ойлогондо, бир эркектин таалайын ачкан зайып, уул-кыздарынын мээримдүү энеси, кыскасы, бактылуу аялзаты болмок. Жамалдын трагедиясы – адам баласына, асыресе, бүгүнкү доордун кыздарына сабак болушу абзел.


Топчугүл эже чыгармаларында окуя кубалап, чубалжытып жазып отурбайт, айтайын деген ойдун ток этерин жатык, өзгөчө ширин тили менен чакан аңгемеге сыйдырып коёт. Чыгармаларынан ашыкча сюжетти мындай кой, ашыкча сүйлөм, ашыкча сөздү кездештирбейсиң. Бул анын өзгөчө стилдеги прозаик экенинин айкын далили.


Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгы тууралуу айтылчу сөздөр, бүйүр кызыткан талкуулар али алдыда. Бул адабият сынчыларынын, адабият таануучуларынын шыбагасына тиешелүү иш.  



Бүгүнкү кыргыз прозасында аял жазуучулар сейрек кездешет. Бул өңүттөн алганда, Топчугүл Шайдуллаеваны аял жазуучулардын “ханышасы” атагым келди. Топчугүл эженин алдыда жазылгандан жарата турчу чыгармалары арбын экенин эске алганда, мындай баа аша чапкандыкка жатпайт чыгар. Албетте, бул менин карапайым окурман катары жеке баам, жеке пикирим...

 

Нурканбек КЕРИМБАЕВ

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн