Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аялдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча пландар иштелип чыкты

18.08.2021 17:24
846
Аялдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча пландар иштелип чыкты

 Зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен пландар иштелип чыгууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

 

 2021-жылдын 17-августунда Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин «Теӊдик нуру» биргелешкен демилгесин ишке ашыруу максатында, «Зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөр жана ведомстволор аралык координациялоо» семинар-жыйынын өткөрүштү. 


Семинар жыйындын максаты, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен Планды иштеп чыгуу болуп эсептелет. Семинар жыйындын программасы зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана ички иштер органдары тарабынан базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин жана стандарттарын түшүнө билүүнү жакшыртууга багытталган темаларды камтыйт. Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана практикалык ишмердүүлүктөрү менен таанышышат, андан кийин жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү жана аялдар менен кыздардын муктаждыктарын эске алуу менен ар бир айылдык аймак үчүн пландардын долбоорлорун иштеп чыгышат.

Семинар-жыйынды ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жетелек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык жардамды жана коомдук саламаттыкты сактоону уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева, ошондой эле ДПИБ КФ кызматкерлери өткөрүштү.


Семинар жыйында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков катышып, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка бөгөт коюга багытталган биргелешкен аракеттердин пландарынын маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле семинардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. 


Планды талкулоо иштерине Кочкор жана Ат-Башы райондорундагы пилоттук жамааттардын айыл өкмөттөрүнүн, аялдар кеӊештеринин, аксакалдар сотторунун өкүлдөрүнөн, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрүнөн, кварталдык комитеттерден, ошондой эле социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринен катышты.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн