Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Аялынын бетине тээп. Бишкекте күйөөсү аялын көчөдө сабады

31.01.2022 10:09
1124
Аялынын бетине тээп. Бишкекте күйөөсү аялын көчөдө сабады

30-январь күнү кечинде Бишкек шаарынын Ахунбаев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүнүн аялын тепкилеп, сабап жатканы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

 Ленин райондук милициясынын ыкчам чара көрүү бөлүмү окуя болгон жерге барган. 


Маалыматка ылайык, ошол эле күнү жубайлар аталган аймакта турган туугандарынын үйүнө конокко барган. Конокто жубайлар ортосунда келишпестик чыгып, айтыша кеткен. Көчөгө чыкканда күйөөсү аялын сабап баштаган. Күбөлөр аларды токтотууга аракет кылган.


Милиция кызматкерлери аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

Аялы күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн