Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Айбек Артыкбаев Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

27.05.2022 14:01
736
Айбек Артыкбаев Ислам өнүктүрүү банкынын  өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 27-майда КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы шаарындагы аймактык өкүлчүлүгүнүн Башчысы Ибрахим Шукрини кабыл алды


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Артыкбаев эки тараптын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди белгилеп, жакынкы келечекте Кыргызстанда Араб координациялык тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүгө жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымдады.


Мындан тышкары, тараптар ушул жылдын июнь айына пландалып жаткан Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар Кеңешинин 47-сессиясына кыргыз делегациясынын катышуусуна байланыштуу маселелерди талкуулашты.


Жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган кадамдарды жана аракеттерди биргеликте ишке ашырууну макулдашышты.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн