Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 11-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Давлетов Айбек Абубакирович өз каалоосу боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн