Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Айбек Молдогазиев Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

14.02.2022 15:52
488
Айбек Молдогазиев Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

КР тышкы иштер министринин жаңы орун басары болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиевди министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.


А.Молдогазиев 1995-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштейт. "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар, ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директорго чейин дипломатиялык баскычтарынын баарын өттү.


2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн