Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 11:56
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Айбек Молдогазиев Япония элчиси Года Хидэки менен жолугушту

31.07.2024 09:43
395
Айбек Молдогазиев Япония элчиси Года Хидэки менен жолугушту


Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэкинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы нормативдик-укуктук базаны бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, көп тараптуу жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында жогорку деңгээлде боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар кыргыз-япон мамилелеринде конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн мындан аркы тыгыз кызматташуу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн