Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Айбек Осмонов элге жардам берип, өлкөгө очойто салык төлөсө жакшы да, партиясы шайлоодон утуп чыкса жаман болуп калабы?

27.07.2021 10:32
2241
Айбек Осмонов элге жардам берип, өлкөгө очойто салык төлөсө жакшы да, партиясы шайлоодон утуп чыкса жаман болуп калабы?


"Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт" - деп акын ырдагандай, кечээ БШК деген неме "Биздин Кыргызстан" партиясын Ош шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетип салды.


Мындай адилетсиздик калың катмар элде нааразычылык жаратат, ал эми элдин нааразычылыгы БШК үчүн "бир тыйын"!!! Элдин үнүнө, шайлоо укугуна, шайлануу эркиндигине түзмө түз кишен бул. Адилеттүү бийлик эч качан ушул жолго барбайт!


Айбек Осмонов саясатта бышып келаткан жаш, билимдүү ишкер. Жаш бирок, көптү көрдү. Жыгылды, кагылды, согулду дегендей. Токтоо, БШК партиясын четтетип койсо деле чычалап, албууттанып, элге кайрылып, эч кимге арыз арманын айткан жок. Мыйзамдуу өлкөбүз деп эле көкүрөк каккылайбыз, андай болсо, Айбек мырза сотко кайрылсын!
- Кана, ошондо көрөбүз!


Баткен согушунан жабыркаган аймакка 20 үй салып берсе, өлкөгө олчойтуп салык төлөсө, жумушчу орундарды түзсө, өндүрүштүн флагманы аталса, жарандарга жардам берсе, Айбек Осмонов жакшы да, партиясы шайлоодон экинчи болуп утуп келсе, Айбек Осмонов жаманбы?


- Мындай болбойт туугандар! Кызыктар күчтөр, акылыңарга келгиле!!!


Манас Осмон, журналист

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Бшк ертен куздо буйрук кнлсе БУТУН КЫРГЫЗСТАНДЫ же мажоритардык болсо Мадумаровду откорбошко аракет баштайт