Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Айбек Жунушалиев көчмө жыйынын алкагында 4-кичи районго барды

31.01.2022 19:07
414
Айбек Жунушалиев көчмө жыйынын алкагында 4-кичи районго барды


Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйынын алкагында 4-кичи районго барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Жыйынтыгында көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.


Баскетбол аянтчасын Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк департаментинин балансына өткөрүп берүү боюнча ченемдик документти ылайыкташтыруу тапшырылды. "ЧГЕШ Еврей мектеби" окуу-тарбия борборунун жанындагы стихиялык унаа токтотуучу аймакты жашылдандыруу жана жөө жүрүүчүлөрдүн тротуарларын уюштуруу тапшырмасы берилди.


Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылга курулуш объектилеринин титулдук тизмесинде №17 мектептин түндүк тарабында кичи райондун тургундары үчүн сейил багын уюштуруу каралган. Башкармалыкка ошондой эле мектептин айланасына орнотулган тосмолорду реконструкциялоону камсыз кылуу тапшырылды.


Орнотулган павильондор боюнча аларды кийинчерээк демонтаждоо менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартпоо, ошондой эле жашыл аймакты жакшыртуу иштерин тез арада жүргүзүү тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн