Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Айдоочулар айып пулду арзандатуу планын колдоп жатышат

05.04.2021 15:38
859
Айдоочулар айып пулду арзандатуу планын колдоп жатышат


Жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүү боюнча өкмөттүн планын дээрлик бардык айдоочулар колдойт. Мындай ойду Сокулук районундагы Шопоков шаарчасынын тургуну, айдоочу Адилет Кеңешбеков айтат.

Анын билдирүүсү боюнча, ал 10 жылдан ашык убакыттан бери оор жүк ташуучу унаа айдап иштейт. Буйрутмага ылайык Кыргызстандын аймактарын аралап, алыскы каттамдарга көп чыгат. Ошондой убакта ар кандай жол эрежесин айласыз бузуп алган учурлары болот.

Ал “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган көзөмөл камераларына кээде жол эрежесин байкабай бузуп алып кабылса, кээде айласыз кабылууга дуушар болоорун айтат. Себеби, автотыгын болгондо же башка ыңгайсыз учурда эрежени сактай албай калган абал жаралат. Ага карабай камера автоматтык түрдө каттоого алып коёт.

“Бир жолу менин автоунаам катталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын почта кызматы аркылуу айып пул төлөө тууралуу билдирме келип түшкөн. Аны 15 күндүн ичинде төлөсөм жарымы кыскармак болчу, а мен болсо убактысын өткөрүп жибергендиктен толук төлөөгө туура келди. Ошентип чоң эле суммадагы акча төлөдүм. Мага окшогон көп айдоочулар бар. Менден дагы көп чыгым тартканын айтып нааразы болушат. Ушундай кымбатчылык шартта айып пулдун көлөмү ушундай көтөрүлүп турганы карапайым адамдарга эле кыйын болот экен. Ошондуктан айыптын көлөмүн кыскартууну колдойбуз”, - дейт Адилет.


Мына ушундай позицияны кармаган айдоочулардын дагы бири Азиз Берикбаев. Ал жеңил унаа айдайт. Күнүмдүк жумушуна жана башка керектөөлөргө айдоо үчүн пайдаланат. Ал carcheck парталынан дайыма карап, айып пулга илинген жокпу, текшерип турат.

Кээде илинип калып айып пул төлөгөнгө аргасыз болот. Учурда дагы жергиликтүү почта аркылуу билдирме келип түшкөнүн, бирок төлөй электигин айтат. “12 миң сом айлык менен жашап жаткан учурда бир жолу эле эреже бузсаң, 1000 сом болуп чыгып келгени өтө оор. Бир айда эки жолу айып төлөсөң айлыктан эмнеси калат? Карапайым адамдарды кыйнаган гана долбоор деп билем. Кыргызстандын азыркыдай кымбатчылык шартында мындай айыпты төлөөгө элибиз даяр эмес экенин көрсөтүп жатат”, - дейт Азиз.


Ал эми такси айдоочу Рустам Мелис уулу “Коопсуз шаар” долбоорун өлкө экономикалык жактан алсыз болуп, мамлекет тараптан эч кандай колдоо жок болуп турган чакта жана эл өзүнүн арбайын өзү согуп жашап жатканда кайрадан элди кыйнаган долбоор деп эсептейт.

“Такси айдоочулар жакшы иш болду дегенде бир күндө 1000-2000 сом табат, эгер жол кыймылын бузсаң кайра ошого берип салсаң, кандай жашоо болот? Ал аз келгенсип бензиндин баасы күнүгө кымбаттап, жүргүнчү ташуу кызматынан пайда табал албай калган абалга кептелдик. Башка ишке өтөйүн десең Бишкектен татыктуу эч бир жумуш таба албайсың”, - деп нааразы болду Рустам.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кризис учурунда айып пулду төмөндөтүүнү өкмөт караштырып жатканын премьер-министр Улукбек Марипов билдирип чыкты.

Анын айтымында, азыр токтомдун долбоору иштелип жатат. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке сунуш берилет.


Маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурлар катталган.

Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд 575 млн сомдон ашык акча төлөшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жолго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоочу камералар орнотулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн