Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:40
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Айдоочулардан түшкөн айыппулга тез жардам унаалары алынат

24.07.2020 10:54
1202
Айдоочулардан түшкөн айыппулга тез жардам унаалары алынат

 

Коопсуз шаар долбоору боюнча айыппулдар тез жардам унааларын алууга багытталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тез жардам унааларын сатып алуу үчүн атайы аккумуляцияланган 145 млн сом суммасындагы акча каражаттары боюнча ыкчам тартипте тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. 


Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомдо 50% калдык максаттуу түрдө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында “медициналык тез жардам унааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн” топтолоору тууралуу талап киргизилген.


Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тийиштүү даярдык иштери башталган.


Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдардан жыйналган каражаттарды ак ниет жана натыйжалуу өздөштүрүү маселесине артыкчылыктуу көңүл бурулары айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн