Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Айдоочулук күбөлүк сатуучу интернет дүкөндү уюштурган жаран кармалды

22.09.2022 11:20
348
Айдоочулук күбөлүк сатуучу интернет дүкөндү уюштурган жаран  кармалды

Айдоочулук күбөлүк сатуучу интернет дүкөндү уюштурган жаран  кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Мамлекеттик каттоо кызматында расмий катталган айдоочулук күбөлүк сатып жүрүүчү белгисиз жактар боюнча маалымат келип түшкөн.  


Аталган маалымат Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына КР КЖКнын 209-беренесинин 1-п. 2-бөл. (алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.  


2022-жылдын 19-сентябрында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 22.10.2003-ж.т. И.А. аттуу жаран аныкталап кармалган. Ал алдамчылык аракеттер, атап айтканда, социалдык мессенджерлерде «TOPDARKNET» интернет дүкөнүн түзүп алып, ар кандай пабликтерде МККда расмий катталган айдоочулук күбөлүктүн бардык категорияларын даярдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу кулактандырууларды таратуу менен алектенгендигин айткан. 


Ошону менен бирге акча каражаттар «О-Деньги» электрондук капчыгына түшүп, андан ары банктык картага чыгарылып турган.

Кароонун жүрүшүндө кармалган жак банктык картаны, ошондой эле «TOPDARKNET» интернет-дүкөнүнүн баракчаларына кошулган уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген.

Белгилей кетсек, И.А. аттуу жаран аталган интернет-дүкөндүн уюштуруучусу жана ээси болгон, азыркы учурда ал Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын кылмыштарынан жабыр тарткан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул интернет-дүкөндөн жабыр тарткан жарандарды КР ИИМдин БМЖКККга жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына кайрылуусун суранабыз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн