Жогорку Сот Айеркен Саймаитиге Кыргыз паспортун берүү боюнча облустук сот чыгарган чечимди карады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн доонун эскирүү мөөнөтү
өтүп кеткен деп облустук сот чыгарган чечимди Жогорку Сот күчүндө калтырган.
Эске салсак, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмүнүн А.А. аттуу адисине 330-берене ("Мыйзамсыз негизде паспорт берүү"), 320-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 359-берене ("Документти жасалмалоо") менен айып тагылган.
Ал эми ишкер Айеркен Саймаити 2019-жылдын октябрь айында Түркиянын борбору Стамбул шаарында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн