Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева социалдык тармакта аларды колдоп келген адамдарга ыраазычылык билдирген пост жазды.
"Бүгүн көптөн күткөн күн да келди.
Ак ийилет, бирок сынбайт! Бизге ишенип, колдоп келишкен адамдарга ыраазычылык билдиребиз. Жакшылыктар болсун!", - деп жазат Айгүл айым.
Эске салсак, бүгүн, 13-апрель күнү саясатчылар Текебаев жана Чотонов толугу менен акталып чыгышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн