Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айгүл Жапарова Баткендеги «Кут кадам» балдар үйүнө барды

28.04.2023 11:13
620
Айгүл Жапарова Баткендеги «Кут кадам» балдар үйүнө барды


Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 27-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылындагы «Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирет.

Айгүл Жапарова бул мекеменин жашоо шарты, тамак-ашы, балдарга болгон камкордугу, ошондой эле имараттын жалпы абалы менен таанышты.

Үй шартында балдар үйүнүн кызматкерлери жана балдар менен жылуу баарлашып, биринчи айым тарбиялануучуларга мээримин төгүп, кам көргөн тарбиячылардын асыл максат менен иштегендерин белгиледи.

Ал турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Айгүл Жапарова өзү жетектеген «Эне-балага тирек» Фондунун атынан мекемеге эки кабаттуу керебеттерди жана башка керектүү буюмдарды тапшырды.

«Кут кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар интернаты 2018-жылы 8 жылдык келишим менен ижарага алынып, жеке менчик үйдүн имаратында ачылган. Ачылаар алдында объект капиталдык оңдоодон өтүп, ага бардык керектүү коммуникациялар кошулган.

Интернат 12 балага ылайыкталган. Азыр анда 3 жаштан 18 жашка чейинки 18 тарбиялануучу жашайт. Балдар үйүнө жетим балдар, жарым жетимдер, ата-энелери тарбиялоо укугунан ажыратылган балдар.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн