Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айгүл Жапарова: Кыргызстанда орус тилин урматтоого өзгөчө маани берилет

07.03.2023 08:14
289
Айгүл Жапарова: Кыргызстанда орус тилин урматтоого өзгөчө маани берилет

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 6-мартта “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык Аялдар форумунун ачылышына катышты.


 Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Россиядагы аялдардын диалогунун негизги факторлорунун бири – орус тилине кеңири токтолду.


“Кыргызстанда орус тилин жана маданиятын урматтоого өзгөчө маани берилет”, - деп баса белгиледи Биринчи айым.


Республика боюнча орус тилинде окуткан мектептердин саны 2333, анын ичинен 247 - орус тилинде окуткан мектептер, деп кошумчалады. Жакынкы арада Россия тарап менен биргеликте Кыргызстанда орус тилинде окуткан 9 жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууну баштоо пландалууда.


“Мунун баары биздин балдарыбызды орус тили, адабияты жана маданияты менен тааныштырууга, жаркын келечек үчүн ар кандай деңгээлдеги диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенибизди айгинелейт. Аял – биринчи кезекте мээримдүү эне, үйдүн коломто отун сактоочу, үй-бүлөнүн куту жана бейпилдиги. Ушуга байланыштуу биз эне менен баланын жашоо сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруудабыз”, - деди ал.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн