Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Айгүл Жапарова чек арада жашаган аялдарга колдоо көрсөттү

23.08.2021 11:49
607
Айгүл Жапарова чек арада жашаган аялдарга колдоо көрсөттү



Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун чек арадагы айылдарынан жалгыз бой, көп балалуу,турмуш шарты оор аялдарга колдоо көрсөтүү максатында "Үмүт булагы" коомдук фонду 50 аялды Ысык көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Голубой Иссык-Куль пансионатында 2021-жылдын 11 августунан 18-августуна чейин эс алышты. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Эс алуу менен катар аялдарга психологиялык жардамдар көрсөтүлдү, жана ошондой эле Ч. Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборуна, Григорьевка капчыгайына, ысык булактарга барышып жана башка кооз жерлерди көрүштү. Аялдар Ош-Тамчы-Ош багыты менен барып келишти.  


"Үмүт булагы" коомдук фондунун жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. 


Мындан сырткары аталган коомдук фонд Баткен шаарында Баткен, Лейлек райондорунун соц.адистерине, соц.педагогдоруна, жергиликтүү депутаттарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү боюнча 3 күндүк тренинг өткөрдү. Жабыр тарткан жарандар менен жеринде жолугуп,алардын жашоо шарттарынан кабар алышты.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн