Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айгүл Жапарова депутат айымдарды колдой турганын билдирди

15.06.2021 14:34
1363
Айгүл Жапарова депутат айымдарды колдой турганын билдирди


Аялдар саясатта көптөгөн реформаларды жүргүзүп, коомдун кадимки жашоо образын өзгөртө алат. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайланган депутат аялдарды сыйлоо аземинде Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова билдирди.

Мамлекет башчынын жубайы эркин көрсөтүп, жергиликтүү кеңештерге шайлоодон өткөн бардык аялдарды куттуктады. “Бул абдан кубанычтуу жана дымактуу. Жергиликтүү кеңештердеги аялдардын өкүлчүлүгү өлкө демократияга бет алгандыгын жана гендердик тең салмактуулукту сактоо боюнча бир топ иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандыгын айгинелейт. Мындай иш-чарага катышканыма абдан кубанычтамын жана сиздерге суктангандыгымды билдиргим келет”, - деген Жапарова лидер аялдарды колдоого ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

“Мен аялдар саясатта көп реформаларды жасап жана коомдун көндүм жашоо образын өзгөртө алат деп ишенем. Анткени, аялдар табиятынан күчтүү келет жана бир эле учурда бир нече ишти алып кете алышат: балдарды тарбиялап, үй-бүлөгө кам көрүшөт жана мамлекеттик көйгөйлөрдү чече алат”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн