Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 252 адамды түздү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрдагы брифингде билдирди.
Сакайып чыккан адамдардын ичинен:
- Бишкек шаарында – 112
- Ош шаарында – 6
- Чүй облусунда – 10
- Ош облусунда – 21
- Талас облусунда – 6
- Нарын облусунда – 6
- Ысык-Көл облусунда – 27
- Жалал-Абад облусунда – 38
- Баткен облусунда – 26
Кыргызстанда 4-сентябрга карата жалпы 39 426 адам оорудан сакайып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн