Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Айыл чарба министри: Эл бир товарды массалык түрдө алып баштаганда ошол товардын баасынын кескин өсүшүнө жол ачат

14.03.2022 12:38
1185
Айыл чарба министри: Эл бир товарды массалык түрдө алып баштаганда ошол товардын баасынын кескин өсүшүнө жол ачат

Бүгүн, 14-мартта Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу кайрылуу жасады. 


Анын айтымында, Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү.


"Урматтуу мекендештер, дүйнөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу айрым жарандар дүрбөлөңгө түшүп, азык-түлүктү көп камдап коюу керек деген туура эмес түшүнүктү пайда кылууда.


Биздин өлкөдө азык-түлүк жетиштүү жана азык-түлүк коопсуздугу сакталган.

Министрлер кабинетинин чечими менен арзандатылган үрөндөр дыйкандарга күрөөсүз 2 жылдык мөөнөткө берилип жатат.

Мындан сырткары, өлкөбүзгө кумшекер жана өсүмдүк майын ташып кирүүдө кошумча нарк салыгы алынбайт.


Дагы бир жолу элибизге кайрылып кетүүнү туура көрүп турам. Сиздер бир товарды массалык түрдө алып баштаганда ошол товардын баасынын кескин өсүшүнө жол ачасыздар. Ошондуктан эч кандай дүрбөлөңгө алдырбай сабырдуулук менен мамиле жасооңуздарды суранам",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн