Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Айыл чарба министрлиги коррупцияга аралашкан орун басарлары тууралуу комиссия түздү

27.10.2021 14:03
656
Айыл чарба министрлиги коррупцияга аралашкан орун басарлары тууралуу комиссия түздү

 КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков комиссия түзүү боюнча буйрукка кол койду, ал учурда министрдин орун басары Илич Марсбек уулунун кармалышы боюнча фактыларды тактоо иштерин жүргүзүүдө.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай буйрук КР Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында чыгарылды.


“Азыркы учурда комиссия ишке байланыштуу бардык жагдайларды иликтеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, мындан мурда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021-жылы 26-октябрда КР айыл чарба министринин учурдагы орун басары “М.И.” жана мурдагы орун басары “И.А.С.” кармалып, камакка алынганын билдирген.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн