Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Айыл чарба министрлиги өлкөдө күйдүргү катталганы боюнча маалыматка үн катты

13.05.2024 16:59
193
Айыл чарба министрлиги өлкөдө күйдүргү катталганы боюнча маалыматка үн катты


Айыл чарба министрлиги өлкөдө күйдүргү катталганы боюнча үн катып, бейтап илдет жуктуруп алды делген малдын эти таза экенин билдирди.


Мекеменин маалымдоосуна ылайык, Ветеринардык кызмат эпизоотиялык иликтөө жүргүзүп, союлган малдын этин лаборатория изилдеген.


"Болжолдуу жыйынтыгы терс чыгууда. Азыркы учурда лабораториялык изилдөөлөр улантылып жатат. Анын жыйынтыгы менен диагноз коюлат. Ошондой эле союлган мал өз учурунда күйдүргүгө каршы эмделген. Жеринде ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Күйдүргүгө каршы вакцина жетиштүү. Бул илдет боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Мал арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок", — деп айтылат маалыматта.


Буга чейин Жалал-Абаддан келген аялдан күйдүргү аныкталганын Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору маалымдалган. Медиктер илдет мал этинен жукканын божомолдоп жатышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн