Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Айыл чарба министрлиги жеке компанияларды жана инвесторлорду кызматташууга чакырат

08.02.2024 09:30
321
Айыл чарба министрлиги жеке компанияларды жана инвесторлорду кызматташууга чакырат


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жеке компанияларды жана инвесторлорду Ош жана Баткен облустарына соода-логистикалык борборлорду курууга катышууга чакырды.


Долбоор айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жакшыртууга багытталган. Соода-логистикалык борбордун аянты үч гектарды ээлейт.


Максаты — заманбап соода-логистикалык аймактарды түзүү, айыл чарба продукциясын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн аянтча берүү аркылуу айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.


Өнөктөш болууда берилген мүмкүнчүлүктөр:

соода-логистикалык борборлорду каржылоого жана курууга катышуу;

- жер тилкелерин берүү жана каттоо мүмкүнчүлүгү;

- соода-логистикалык борбордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн өнөктөштүктөрдү түзүү;

- жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.


Кызыккан компаниялар жана инвесторлор кызматташуу боюнча толук маалыматты министрликтин сайтынан ала алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн