Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Айыл өкмөттүн башкы адиси УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Айыл өкмөттүн башкы адиси УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды


Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМК кызматкерине УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыл өкмөттүн башкы адиси финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси ("Пара берүү") боюнча ижарага берилген жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү токтотуу максатында УКМКнын ыкчам кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган КРнын Б.Ю.Я., аттуу жараны кармалды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн