Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Аймактарда аккумуляторлорду уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

15.10.2020 11:57
537
Аймактарда аккумуляторлорду уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын автоунаалардын ичинен акча каражаттарын, мүлктөрдү,  андан сырткары аккумуляторлорду уурдоону алдын алуу,  бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди улантып жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, автоунаадан жасалган уурулук унаанын ээлерине көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратканы баарына белгилүү. Кылмышкерлер автоунаанын ичинен акча каражатын, баалуу буюмдарды уурдап гана кетпестен,  эшиктерин, терезелерин талкалап маанилүү чыгымдарды келтиришет. Андан сырткары кечинде көчөлөрдө же жолдун жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдап кетишкен фактылар бар. Акыркы күндөрү мындай фактылар региондордо көп катталган.


2020-жылдын сентябрь айында милицияга Нарын районунун жашоочусу кайрылып, үйдүн жанында токтоп турган "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аккумуляторун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Аталган кылмыш ишинин бетин ачууга ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери менен Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери киришкен. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине окшош фактылар башка региондордо дагы катталгандыктан, муну бир эле кылмыштуу топ жасап жатышы мүмкүн деген божомолдор болгон. 


Кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында мүлктөрдү уурдоого байланышкан 30 ашык кылмыш ишинин бети ачылды. Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарында укукка каршы аракеттерди жасап жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


Жакында ИИМдин жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери аккумуляторлоду уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча операцияны жүргүзүшкөн.


Ушул жылдын 2-октябрь күнү Бишкек шаарынын аймагынан бир катар кылмыштарды жасоого шектелип, Манас районунун жашоочусу 1999-жылы туулган И.А., Кара-Буура районунда жашап жүргөн 1998-жылы туулган С.Б. кармалды. Шектүүлөр башкарып бара жаткан "Ауди" үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 8 аккумулятор табылып,  бир күн мурда Талас облусунун аймагынан оор жүк ташуучу унаалардан уурдалгандыгы маалым болгон. Шектүүлөрдү кармоо учурунда үчүнчү кылмышкер изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Ал кийинчерээк Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан кармалды. Ал Кара-Буура районунун жашоочусу 1998-жылы туулган К.А.  болот.


Мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган жарандардын оор жүк ташуучу унаалардын аккумуляторлорун уурдоо боюнча 31 фактыга тиешеси бардыгы аныкталды. Алсак, шектүүлөрдүн Нарын облусундагы 12 фактыга, Чүй облусундагы 9 фактыга, Талас облусундагы 7 фактыга, Ысык-Көл облусундагы 3 фактыга тиешеси бар. Далил катары шаардын четиндеги базарлардын биринен 7 аккумулятор табылып алынды. Шектүүлөр уурдалган аккумуляторларды базарлардасатып жүрүшкөндүгү белгилүү болду.


Учурда сотко чейинки өндүрүш уланып, кармалган жарандардын башка кылмыштарга катыштыгы бардыгы текшерилип жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн