Кулжа 20, 2024
Убакыт: 21:16
USD
86.70
87.60
EUR
92.90
93.90
RUB
0.950
1.045

Айрым талапкерлер Садыр Жапаровду талапкер катары каттоо мыйзамсыз деп эсептейт

09.12.2020 13:03
1448
Айрым талапкерлер Садыр Жапаровду талапкер катары каттоо мыйзамсыз деп эсептейт

Президенттикке аттанган саясатчылар БШКга Садыр Жапаровду талапкер катары каттоо мыйзамсыз боло турганын айтышты. Аталган жыйынга Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Бектур Асанов, Ишенбай Кадырбеков, Мамбетжунус Абыловдор катышты. 


Канат Исаевдин айтымында, президенттин милдетин аткаруучу адамдын шайлоого катышуусуна Конституция тыюу салат.


«Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өзүнүн кызматкерлерин Башкы прокуратурага, УКМКга жана Президенттин аппаратына дайындаган. Бул ансыз деле башка талапкерлерге бирдей шарттарды түзүп, шайлоо жараянынын объективдүүлүгүнө шек туудурат. БШКдан Садыр Жапаровду каттоодон өткөрбөөнү талап кылабыз», - деди Канат Исаев.


Адахан Мадумаров да Исаевди колдоп, буга чейин коомдук ишмерлерден жана БШКга талапкерлерден кайрылуу келип түшкөн.


"Садыр Жапаров расмий түрдө кызматтан кеткен жок, ыйгарым укуктары сакталуу убактылуу гана токтотулган. Бул одоно мыйзам бузуу", - деп билдиришти маалымат жыйындын катышуучулары.


Канат Исаев БШК өзү эле мыйзамдарга ылайык Садыр Жапаровду каттоодон баш тартышы керек экендигин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Кылычбек Жакыпов
Инша Аллах Садыр Нуркожоевич Жапаров биздин президент болот !!! Жыландын башын кылтыйтпагыла , ансыз да Эл силерди көргүсү келген жок ! Эгер Садыр Жапаровту четтете турган болсо чыныгы согуш ошондо чыгат!!!
Тимур
Конституцияны сыйлабагандын белгисин 3 жолу кордук бирок тортунчусу тез эле болот
Фарида
Туура садыр жапаров президентике талапкер болууга закондуу да моральдык да укугу жок бизге турмодон хандыка атанган адамдын кереги жок. Себеби башка олколор дун алдында адам катары баш которуп жашагыбыз келет копчулук биздин жарандар сырткы миграцияда журушот
Таа
По понятиям боло берет катышканга