Аяк оона 19, 2025
Убакыт: 08:20
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Жергиликтүү соттордун 4 судьясы кызматтан бошотулду

07.07.2020 11:08
1509
Жергиликтүү соттордун 4 судьясы кызматтан бошотулду


Жогорку соттун судьялыгына шайлангандыгына байланыштуу 2020-жылдын 18-июнунан тартып бир катар жергиликтүү соттор мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

— Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

— Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн