2-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Айсулуу Мамашованы “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.
Ага тиешелүү документтер – күбөлүк жана депутаттык төш белги берилди.
Ал бош мандатты алды.
Буга чейин депутат Фарходбек Алимжанов мандатынан ажыратылганы маалымдалган.
Эске салсак, Мамашова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында “Ата Мекен” партиясынан депутат болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн