Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Айсулуу Тыныбекова өмүр бою ай сайын 20 миң сомдон стипендия алат

27.07.2020 14:53
1957
Айсулуу Тыныбекова өмүр бою ай сайын 20 миң сомдон стипендия алат


Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.


26-июндагы өкмөттүн токтомуна ылайык, учурдагы дүйнө чемпиону ай сайын 20 миң сомдон стипендия алат.


Маалыматка ылайык, өмүр бою берүүлүчү стипендияны спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону атыккан баардык спортчулар ала алышат. Учурда Тыныбекова Кыргызстандын атынан олимпиадалык спорттун турү боюнча чоңдар арасында жеңүүчү болгон жалгыз спортчу. Ал 2019-жылы спорттук күрөш боюнча Казакстандын Нурсултан шааррында өткөн дүйнө чемпиондугунда алтын байге жеңип, Токиодо өтүүчү Олимп оюндарына жолдомо утуп алган.


Тыныбекова өмүр боюн берүүлүчү стипендияны учурдагы (келечектеги) жетишкендигине алып жаткан каржылоо бүткөндөн кийин алат. Ал учурда айына 75 миң сомдон стипендия алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн