Бугу 02, 2024
Убакыт: 01:10
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Айтматов “Кыргызпатенттен” чемодан-чемодан акчалар менен чыкчу...

01.05.2020 14:45
2426
Айтматов “Кыргызпатенттен” чемодан-чемодан акчалар менен чыкчу...


“Темирди кызуусунда сок”, “Өз убагында айтпаса, сөз атасы өлөт” деген кыргыздын сөздөрүнө таянып айтып калайын:


Кечетен бери соцтармактарда айрым адамдар элдин каймактарын, таланттарын тирүүсүндө барктап, баалап калалы, жардам берели, ал-абалын сурайлы деп гана жазуу менен чектелип жатат. Чын-чынына келгенде андай адамдарды илгери мамлекет бакчу. Жыл сайын курортторго жиберилип, ден соолугу текшерилип турчу. Алар алган гонорарлар ушунчалык көп болгондуктан, кеңиричиликте жашашчу. Ден соолугун көзөмөлдөшчү, жокчулук жүрөгүн, мээсин жеген эмес эле. Айтматов “Кыргызпатенттен” чемодан-чемоданга толгон гонорарлары менен чыкчу. Акындардын аялдары күйөөсүн үйгө камап, бүгүн мынча сап ыр жазбасаң чыкпайсың деп кыйнап ыр жаздыртчу. Анткени, мамлекет канчалык көп чыгарма жазса, ошончолук көп акча төлөп берчи. А азыр кандай? Бай жашаган кайсы акын-жазуучу, автор, төкмө, манасчы жана башка өнөр адамдарын билесиңер? Бүт эле таланттар эптеп күн көрөт да, же калппы? Жок, Кудрет, сен адашып атасың, баланча акын же жазуучу китеп чыгарып байып кетти деп айткыла болбосо...


Буга биринчи кезекте Атамбаев күнөөлүү. Ал СССРден калган жазуучулар Союзунун тиешесин бизнес кылып көбөйтүп берем деп Акаев менен Айтматовду алдап алып, бүт мамлекеттин байлыктарын менчиктештирип, завод-фабрикаларын да, акын-жазуучуларын да сызга отургузган. Өндүрүш менен маданияттын өлүшүнө биринчи күнөөкөр ушул киши. Эгерде ошол 50 миллион долларды солоп кетпегенде акын-жазуучулар калем сабын кургатпай чыгарма жазганын токтотпой, эл ушак айың, пайшамба окубай, адабий чыгармаларды окуп, азыркы маңкурт муун пайда болбойт эле. Өзүңөр деле байкап көргүлө, 90-жылдардан бери мектептеги адабият китебине кирген шедевр чыгармалар жазылган жок. Жазылса да бааланган жок. Эгер СССРдегидей акын жазуучулар бааланса, алар мамлекеттен гонорар алып, алардын китептери бекер таратылып, мектептерге чейин жеткирилип турмак. А азыр бирөө китеп чыгарса, өзү сатып жүрөт. 1000 китеп сатса сүйүнөт. Ушул кантип болсун?!


Экинчи маселе


Элмирбек Иманалиев да, Зайырбек Ажыматов да кырсыктан, согуштан, кокустуктан же кол салуудан өлгөн жок. Булар ден соолугуна жакшы кам көрүлбөгөнүнөн жаш кетти. Азыркылардын мээси жетпесе мен айтайын. Президенттин аппаратынын алдындагы атайын спец больница ушундай таланттардын, өнөр адамдарынын үй-бүлөсүн, өздөрүн, мамлекеттик ишмерлердин ден соолугун акысыз, тынымсыз карап туруучу жер болчу. Алардын милдети, ушундай өлкө үчүн керек адамдарды оорутпай көзөмөлдөп туруу эле. А алар эмне менен алек? Ар кайсы чоңдун көңүлдөшүн карашат, байлардын туугандарын карашат, 15 миң берсең любой адам барып спецке жатып алса болот. Мен ачык айтайын, Заке бир да жолу спецке барып жаткан эмес. Өз милдетиңерди аткарып Элмирбекти жакшы караганыңарда өлмөк эмес. Балким, өткөндө катуу каргап ырдаганда спецке жолотпогула деп команда берген чыгаарсыңар, бирок, ал Элмирбектин күнөөсү эмес, ал силердин күнөөңөр! Силер жакшы болсоңор, акындар кантип эле калп айтып силерди жамандап турсун?!


Урматтуу эл өкүлдөрү, чоңдор, урматтуу интеллигенция, активисттер, кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаран! Силерге кайрылам, суранам. Ансыз деле маңкуртизация заманында көп деле таланттуу адамдарыбыз калбай баратат. Болоор иш болду, боесу канды. Эми бул жагын сактап, барктап калганга аракет кылалы.


1. “Кыргызпатенттин” абалын башынан аяк карап чыгып, анын бюджетин көбөйтүп, ага төлөнө турчу салыкты, автордук гонорарлардын өлчөмүн азыркыдан 4-5 эсеге көбөйтүп, бир жылда бир ала тургандай кылып күттүртпөй, квартал сайын төлөнө тургандай кылып, акын-жазуучулардын калем акысы канча деп аныкталса, ошончо сумманы үстүнө мамлекет кошуп бере тургандай мыйзамдарды кабыл алышыңыздар керек.


2. Спецбольницанын ишмердүүлүгүн толук карап чыгып, мамлекеттин камкордугуна алынган адамдарды өздөрү келбесе артынан кууп жүрүп ден соолугун карай тургандай деңгээлде милдеттендириш керек.


3. Акын-жазуучулар, авторлор, элге, маданиятка эмгеги сиңген адамдар жыл сайын жок дегенде 2 жума мамлекеттин эсебинен курорт, санаторийлерден акысыз эс алууну салтка айлантыш керек.

 

Жогоруда айтылган нерселерди биз ойлоп тапкан жокпуз, биз бизден мурунку акылдуу адамдар, таза бийлик ишке киргизген нерселерди эле талап кылалы деп турган чагыбыз. Биз Зайырбек, Элмирбектерди карабай коюп, эртеңкилер үчүн Алыкул, Токтогулдай болгон адамдарын аз жашатып жатабыз.


Көтөр башты улутташым, кандашым,

Көкүрөктө улуу намыс кайнасын!

Ар бир кыргыз аманаты Манастын,

Хан тукуму кулга айланып калбасын!


Кудрет Тайчабаров


Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Гули Абакировна
Жазгандарыңызга толук кошулам .
Айтбек Төлөнбаев
Туура, туура жана туура! Жазуучулардын эмгеги баалана турган кез келди.
Талгар
Сиздин пикирге 100пайыз кошулам, бирок аттин ошону мамлекеттик тоболдор жасап беруусуно мен кумонмун!