Улуу жазуучубуз арабыздан көзү өтүп кеткенине 10-июнда 13 жылдын жүзү болду. Күнүмдүк тирилик чарчатканда, сезимдер чаң алдында калганда түндө жаркыраган жылдыздардай, караңгыда жол көрсөткөн маяктай, өзү жазган саманчынын жолундай адамдыкты эске салат. Жандүйнөңдү силкиндирет...
***
Арсен Саманчиндин тамыры да Жаабарстай кыймылдан кала баштады. Адамдын каны менен жырткычтын каны үңкүр таманында кошулуп, бир жерге билинбей сиңип жатты.
Ушул саат, ушул мүнөттө адам менен жырткыч бир асмандын алдында, бир үңкүрдүн ичинде каршылаш да, кас да эмес болуп, сүйөнүшө катар жатышты...
Улуу тоонун үстүнөн бул кандайча жазуу деп добул жүрүп, күн күркүрөп, чагылгандын канжар оту булуттарды тилип-тилип жатты.
(“Тоолор кулаганда”)
***
Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт. Улуу адам жанындагылардан да улуулук касиетти көрүүгө умтулат экен да...
(“Аскада калган аңчынын ыйы”)
***
Адамдын ички дүйнөсүнүн байлыгы, акыл-эси качан модага айланар экен?
(“Аскада калган аңчынын ыйы”)
***
Баарынан жаманы – баланын жандүйнөсү. Баланын назик сезимин бузбоо керек. Адам дал ушундай жаралган тура: адам жанын муздатып, тоңдуруп алуу оңой, аны кайра эритүү кыйын, кыйын түгүл мүмкүн эмес.
(“Кызыл алма”)
***
Кыязы ар бир адамдын жүрөгү сулуулукту эңсейт тура. Бул касиет адамдын табиятында болот тура.
(“Кызыл алма”)
***
Уруксатсыз бирөөнүн жандүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес.
(“Тоолор кулаганда”)
***
Адамдын күзгүсү – адам.
Көп иштесең – көп, аз иштесең – аз аласың.
(“Атадан калган туяк”)
***
Байлыгыңды алып койсо өлбөйсүң. Эптеп күн көрүп кетесиң. А эгер абийириңди тепсеп салышса, эч ким аны кайра тазарта албайт...
(“Кылым карытар бир күн”)
***
Көз – адамдын өзү, анын ичин да, тышын да айтып туруучусу.
(“Кассандра тамгасы”)
***
Устат дегенибиз жаныңда туруп, “андай кыл, мындай кыл” деп сөөмөйү менен сайып көрсөтүүчү эмес, өзүнүн иши аркылуу ак-караны айыра тааныткан киши.
Аял назиктиги менен улуулугу, анын адамгерчилик этикасы – коом канчалык жаңыланып өзгөрүлсө да, сакталууга тийиш...
(“Аскада калган анчынын ыйы”)
***
Сүйүү деген бир гана жолу бир кезде агарып аткан таң, ошондой. А түбөлүккө жарыгын чачып турар таң болбойт.
(“Тоолор кулаганда”)
***
Өзүнө ой-санаасы, руханий дүйнөсү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок...
(“Тоолор кулаганда”)
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн