Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Аю Холдингдин” негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сырттан камакка алынды

12.09.2023 12:06
231
“Аю Холдингдин” негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сырттан камакка алынды


“Аю Холдингдин” негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сырттан камакка алынды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

“Айыпталуучу А.Ш.Ш.га карата КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде кармоо менен сырттан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде “Аю” компанпиясынын ишмердүүлүгү тууралуу айткан.

“Аю” компаниясы мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат”, - деп билдирген президент.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн