Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айза Улан кызынын өлүмү: Күбөнү коркутуп, жалган күбө берүүгө мажбурлаган "вебкам" студиянын уюштуруучусу кармалды

20.05.2023 11:57
361
Айза Улан кызынын өлүмү: Күбөнү коркутуп, жалган күбө берүүгө мажбурлаган "вебкам" студиянын уюштуруучусу кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы автокырсыктан каза тапкан ИИМдин Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.


Башкы прокуратурадан билдиришкендей, тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран күбө катары суракка алынып, тергөө органдарына учурда айыпталып жаткан У.Э.Н.нын автокырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу олуттуу маалыматтарды билдирген. Андан кийин Р.у.Д. аттуу жаран М.Л.Ж.нын жеке маалыматтарын социалдык тармактарда таратуу жана каралоо менен коркутуп, ага жалган көрсөтмө берүүнү жана У.Э.Н.га каршы мурда берилген көрсөтмөлөрдөн баш тартууну талап кылган.


Белгилей кетсек, Р.у.Д. аттуу жаран Айза Улан кызынын өлүмүндө айыпталып жаткан негизги айыпталуучу У.Э.Н.нын таанышы болуп эсептелет.


2023-жылдын 18-майынан 19-майына караган түнү Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча күбөгө кысым көрсөтүү фактысы катталгандан кийин Р.у.Д. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.у.Д. аттуу жаран "ВЭБ-кам студияларынын" уюштуруучусу экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүдө укукка каршы иш-аракетти күбөлөндүргөн буюмдук далилдер табылып, алынды.


Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча активдүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн