Бүгүн, 7-апрелде кечке маал Айзада Канатбекованы уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, шектүү 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, убактылуу жайга киргизилген.
Милициянын маалыматына таянсак, калган эки шектүүнүн да өздүгү такталып, издөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 5-апрелде жумушка бара жаткан жеринен уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова жана аны уурдоого шектелгендердин биринин жансыз денеси талаада унаадан табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн