Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 18:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Айзада аны өлтүрүүгө шектелген жарандан кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

08.04.2021 12:05
1019
Айзада аны өлтүрүүгө шектелген жарандан кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

Айзаданы өлтүрүүгө шектелген жаран мурда да аны уурдаган. Бул тууралуу анын жакындары Би-Би-Си кызматына билдирген.


Алардын айтымында, Айзада шектүүнүн психикалык жактан жабыркаганы боюнча шекшип, аны менен сүйлөшпөй калган. 


"Айзада аны менен таанышып сүйлөшкөндөн кийин, анын психикалык жактан жабыркаганы боюнча шекшип калган. Аны менен сүйлөшпөй коюуга аракет кылган. Бирок ал болбой эле жабыша берген. Буга чейин да Айзаданы уурдаганга аракет кылган. Бирок ал жолу Айзаданын жетекчиси байкап калып, машинасы менен кууп барып куткарып калган. 

Айзаданы дайыма аңдып жүргөн. Биз да бир канча жолу ага тийишпесин деп үйүнө жеткирип койгонбуз. 

Айзада түркчөнү жакшы билет эле. 16-апрелде ал шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кеткени камынып жаткан",- деп билдирген Айзаданын жакын тууганы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн