Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айзада университетте жакшы окуган, жайдары мүнөз, жылдыздуу кыз болчу, - группалашы

09.04.2021 12:15
1373
Айзада университетте жакшы окуган, жайдары мүнөз, жылдыздуу кыз болчу, - группалашы


Айзада Канатбекова жаркылдаган жайдары мүнөз кыз эле. Бул тууралуу маркумдун группалашы Рамил Сагыналиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.     

 

Анын айтымында, кечээ жакында эле эркек адамдын мыкаачылык аракетинен каза таап, коомчулуктун үрөйүн учурган окуянын курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы аны менен бирге окуган группалаштары, курбалдаштары өтө кайгыруу менен кабыл алып, өкүнүп турган чактары.

 

“Биз Айзада менен “Манас-Түрк” мамлекеттик университетинин Дене тарбия факультетинде бирге окучубуз: менин кесиптик багытым “машыктыруучу” болсо, Айзаданыкы “педагогика” багыты болчу. 4 жыл бирге окудук, аны аяктагандан кийин “магистратурага тапшырып, билимимди андан ары улантам” деген планын угуп калчумун. Окууну бүткөндө мамлекеттик спорт тармактарында иштесемби деп да калаар эле” – дейт Рамил Сагыналиев.

 

Анын айтымында, Айзада университетте сабакты жакшы окуп, коомдук иштерге активдүү катышкан эң алдыңкы студенттердин бири болчу. Окуу жайдагы маданий иш-чараларда алып баруучу да боло калчы.

 

Өтө жөнөкөй, шайыр, ичинде кири жок, жаркылдаган кыз эле. Ошол учурда сүйлөшкөн жигити деле жок болчу. Бирок аны жакшы көргөн балдар болсо керек, кишини өзүнө тартып турган жылдыздуу жан болчу. Азыркы - анын артынан чуркап жүрүп, өлүмүнө себепкер болгон бала тууралуу мурда билчү эмесмин”, - деп эскерет Рамил.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн